ООЗ БАСЫРЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жашырын сырды же бир нерсенин дайынын башка бирөөгө билгизбөө, чыгарбоо, жаап-жашырып коюу үчүн бериле турган же берилген баалуу буюм, нерсе, пара. Тигил миң башы менен старчынга, элүү башыларга берилген ооз басырыкты эмне дейсиң (Абдукаримов). Ко-ош мырза! Убадаң боюнча ооз басырыкты төлө (Осмоналиев). Азырынча колуктунун ооз басырыгына Манас менен Каныкей аралашкан окуяларды ала туралычы (Бейшеналиев).